Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Маматажи Абдурасулов атындагы маданият үйүндө атайын улан жана кыз-келиндер үчүн кийим тигүүчү «Ак-Буура» окуу борбору ачылды. Ачылуу салтанатына Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Токтосунов Тагдырбек Токтосунович  жана жергиликтүү жашоочулар катышып окуу борбору пайдаланууга берилди.